Эмгек министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү
2026-жылдын 21-майында Министрликте Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М. Байгончоков менен Польша Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковскийдин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу багыттар жана маселелер боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында конструктивдүү диалогду улантууга жана миграция тармагындагы кыргыз-поляк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даярдык тастыкталды.

2026-05-21














