Эмгек министрлигинин караштуу 17 социалдык стационардык мекеме мамлекеттик куратордук системасына киргизилди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын 46 мекемеге туруктуу кураторлук жана шефтик кылуу системасын киргизген тескемеге кол койду. Алардын ичинен 17си Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагындагы социалдык стационардык мекемелер болуп саналат.
Алар:
– жалпы типтеги карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн – 5;
– чоңдор үчүн психоневрологиялык ССМ – 7;
-балдар үчүн психоневрологиялык ССМ – 2;
– Жалал-Абаддагы “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялоо борбору- 1;
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Үй-бүлө тибиндеги балдар үйү – 1.
“Келечек” балдардын реабилитациялоо борбору – 1
Бүгүнкү күндө, бул мекемелерде жалпысынан 2393 кызмат алуучу бар.
(428 – майыптыгы бар балдар, 1714 – майыптыгы бар чоң адамдар, 226- улгайган жарандар, 25- турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар)















