Кыргызстан менен Корея экономикалык жана эмгек жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты
2026-жылдын 21–22-май күндөрү Сеул шаарында (Корея) Кыргыз-Корея өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 7-жыйыны өтүүдө. Жыйын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.
Жыйында эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда уюштурулган эмгек миграциясы тармагындагы кызматташтык туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Өзгөчө көңүл Employment Permit System (EPS) системасынын натыйжалуулугуна бурулду. Бул система Кыргызстандын жарандарына Корея Республикасында расмий түрдө ишке орношууга мүмкүнчүлүк берет.
Сөз сүйлөө учурунда кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Атап айтканда, квалификациялуу адистер үчүн E-7 визалык категориясы боюнча кызматташууну өнүктүрүү, эмгек келишимдеринин санын көбөйтүү, кореялык иш берүүчүлөр менен түз байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле сезондук айыл чарба иштеринин программасын кайра жандандыруу маселелери белгиленди.
Кыргыз-корей өнөктөштүгүн чыңдоо эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү баса белгиленди.















