Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча борбор ачылды

2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында Европа Биримдигинин колдоосу менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору (ICMPD) тарабынан ишке ашырылып жаткан «PROTECT» долбоорунун алкагында түзүлгөн экинчи Мигранттар үчүн ресурстук борбордун (МРБ) ачылышы болду.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору демилгени Кыргыз Республикасында ишке ашырууда өнөктөш болуп саналат. Бишкек шаарындагы Мигранттар үчүн ресурстук борбор Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун имаратында жайгашат.

Борбордун ачылышы жарандардын коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу миграция боюнча ишенимдүү маалыматка жетүүсүн кеңейтүүгө, ошондой эле мыйзамсыз миграциянын, адам сатуу коркунучтарынын жана эксплуатациянын башка түрлөрүнүн тобокелдиктери тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи вице-спикери М.К. Алиев, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Делегациясынын, ICMPDнин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, мамлекеттик органдардын жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Ресурстук борбордун ачылышы жарандарды коопсуз миграция маселелери боюнча маалыматтык колдоону күчөтүүгө, калктын ишенимдүү маалыматка жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо механизмдерине жетүүсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков.

Иш-чаранын алкагында Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга да кол коюлду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы биринчи Мигранттар үчүн ресурстук борбор 2024-жылдын 5-мартында Ош шаарында ачылган. Ош шаарындагы МРБ ачылгандан бери 21 миңден ашуун жаранга жардам көрсөтүлүп, консультациялар, маалыматтык иш-чаралар, чет өлкөгө кетүүгө чейинки жолугушуулар жана бош орундар жарманкелери өткөрүлгөн.

Бишкек шаарындагы Мигранттар үчүн ресурстук борбор маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар үчүн чет өлкөгө кетүүгө чейинки багыт берүүчү жолугушууларды, коопсуз эмгек миграциясы боюнча тренингдерди жана иш-чараларды уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү жамааттар менен өз ара кызматташат.

 

   

 

Пайдалуу
Ссылкалар