Улгайган жарандын карылар үйүнөн чыгарылышы боюнча министрлик түшүндурмө берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги активист Руслан Шеринбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эл менен жолугушуусунда айткан Нижне-Серафимовкадагы стационардык мекемеде кызмат алып жаткан карылар белгисиз себептер менен чыгарылып жатат деген маалыматы чындыкка дал келбестигин билдирет.
Аталган жаран И.С. боюнча министрлик төмөнкүлөрдү маалымдайт:
Жаран И.С., 1961-жылы туулган, 2024–2026-жылдары Нижне-Серафимовкадагы карылар үчүн стационардык мекемеде мамлекеттик камсыздоодо социалдык кызматтарды алып келген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 токтому менен бекитилген “Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын минималдуу социалдык стандарттарына” ылайык, майыптыгы бар жана улгайган жарандар ички тартип эрежелерин системалуу түрдө (үч жана андан көп жолу) бузган учурда стационардык мекемеден чыгарылууга тийиш.
Аталган жаран ички тартип эрежелерин бир нече жолу бузгандыгына байланыштуу (карылар үйүнөн жашоо эрежелерин бузгандыгы, медициналык кызматкерлерге асылуу жана кол көтөрүү фактылары ж.б) мекемеден өз арызы менен чыгарылган.
Пенсия маселеси боюнча кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, пенсия алуу укугу жок жарандарга, анын ичинде эркектерге 65 жаштан, аялдарга 60 жаштан тартып 2000 сом өлчөмүндө жөлөк пул дайындалат.
Белгилей кетсек, И.С. аттуу жаран 65 жаш курагына 2026-жылдын июль айында гана толот.
Министрлик журналисттерди, активисттерди коомчулукка туура, так жана текшерилген маалыматтарды гана берүүгө чакырат
Пайдалуу
Ссылкалар