Эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы АӨБ өкүлдөрү менен гендердик зомбулук маселесин талкуулады

 

2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен таанышуу жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасы боюнча Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүндө гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү механизмдерин чыңдоого багытталган АӨБдүн Аймактык техникалык жардам долбоорунун расмий ачылышы болду.

Аталган аймактык техникалык жардамдын негизги максаты — институционалдык координацияны өркүндөтүү, гендердик зомбулуктан жабыркагандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү процессине катышкан негизги кызыкдар тараптардын потенциалын чыңдоо аркылуу гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү механизмдерин бекемдөө болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун максаттары, камтуу чөйрөсү жана күтүлүп жаткан жыйынтыктары тааныштырылып, артыкчылыктар жана ишке ашыруу механизмдери талкууланды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги зомбулуктан жабыркагандарга көрсөтүлүүчү кызматтарды чыңдоо максатында кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Пайдалуу
Ссылкалар