Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты
2026-жылдын 26-майында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Д.А. Осмонов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.К. Имангазиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы А.К. Муканов Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри М.А. Мурашко, РФ Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы — министрдин орун басары О.О. Салагай жана Россия Федерациясынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча федералдык фондунун төрагасы И.В. Баланин менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты.

2026-05-28