Пекиндеги форумда Кыргызстандын социалдык коргоо жана жакырчылыкты кыскартуу жаатындагы тажрыйбасы талкууланды

КР эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов 2026-жылдын 26–28-май күндөрү Пекин шаарында өтүп жаткан Жакырчылыкты кыскартуу жана өнүгүү боюнча Глобалдык форумга катышууда.
Форум жакырчылыкты кыскартуу, айылдык аймактарды өнүктүрүү, социалдык колдоону санариптештирүү жана социалдык чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине арналган.
«Инклюзивдүү социалдык коргоо жана жакырчылыкты кыскартуу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы» аттуу сессияда сөз сүйлөгөн Камчыбек Досматов жакырчылыкты кыскартуу Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Кыргыз Республикасы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, адам капиталын өнүктүрүүгө жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган чараларды ырааттуу ишке ашырып келет», — деп баса белгиледи ал.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин системасынын кызматтары менен 1,5 миллионго жакын адам камтылган. 476 миңден ашык жаран социалдык жөлөкпулдар жана компенсациялар менен камсыз болсо, 590 миңден ашуун адам эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция тармагындагы кызматтардан пайдаланган.
Сөзүндө жумуш менен камсыз кылуу жана калктын кирешесин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленди.
Биринчи орун басар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, улгайган адамдарды колдоо жана жумуш менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
Ошондой эле «Социалдык контракт» программасы тааныштырылып, ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик активдүүлүгүн колдоого жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталгандыгы белгиленди.
Камчыбек Досматов социалдык чөйрөнү санариптештирүүгө да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, мамлекеттик социалдык кызматтар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүп жатканын, онлайн кызматтардын түрү кеңейип, социалдык жардам көрсөтүү процесстери автоматташтырылып жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында биринчи орун басар Кыргызстан социалдык саясат жаатында эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга даяр экенин ырастады.
Пайдалуу
Ссылкалар