Эмгек министрлигинде ЮНФПА өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) Өкүлчүлүгүнүн башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук программанын алкагында иш-чараларды жана чараларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ЮНФПАнын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

ЮНФПА өкүлдөрү Министрликке жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, калктын аярлуу катмарларын колдоо, гендердик теңчиликти илгерилетүү жана социалдык саясатты өнүктүрүү багытындагы ведомствонун маанилүү ишин белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасында тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, аялдардын укуктарын коргоого жана туруктуу социалдык өнүгүүнү колдоого багытталган өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пайдалуу
Ссылкалар