500 миң сомду 18 жашка жеткенде алуу: «Келечекке салым» программасы жетим балдардын келечекке болгон ишенимин бекемдөөдө

 

2026-жылдын 29-майы, Бишкек шаары. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозитин ишке ашыруу боюнча токтомдун алкагында иштерди улантууда. Анын натыйжасында жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар каржылык колдоого ээ болуп, келечекке болгон ишенимин бекемдеп жатышат. Бүгүн программанын катышуучуларынын бири болуп Бишкек шаарынын тургуну А.Т. саналат. Аны Эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы барып көрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары үй-бүлөнүн жашоо-шарты менен таанышты. А.Т. ата-энесинен ажырагандан кийин улуу эжеси жана кичүү карындашы менен бирге жашап келет. Мамлекеттик колдоонун аркасында үйдү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, балдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Аида Исатбек кызы белгилегендей:
«Мамлекеттин негизги милдети – ар бир балага камкордукту, коопсуздукту жана келечекке болгон ишенимди сездирүү. “Келечекке салым” программасы жетим балдардын татыктуу билим алышына, турак жай шарттарын жакшыртуусуна жана өз кыялдарын ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлгөн. Мамлекет мындан ары да жетим балдарды колдоо боюнча программаларды ишке ашырууну улантат», – деп белгиледи министрдин орун басары.

Башынан өткөргөн кыйынчылыктарга карабастан, А.Т. келечекке ишенимин жоготпой, өзүнүн максаттарын түзүп келет. Учурда ал убактылуу жумуштарда иштеп, туруктуу жумуш табууга аракеттенүүдө. Келечекте жаш жигит материалдык жактан камсыз болгон адам болуп, өзү сыяктуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга жардам берүүнү кыялданат.

«Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө №101 Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти 2024-жылдын 17-апрелинде кол койгон. Жарлыкка ылайык, жетим балага депозит ачуу мамлекеттин демилгеси болуп саналат.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы №453 токтому менен тиешелүү тартип бекитилген. Ага ылайык, мамлекет ар бир жетим бала 18 жашка толгондо анын депозитине 500 миң сом өлчөмүндө каражат которот.

 

2026-жылдын 1-майына карата республика боюнча 3 524 балага депозит ачылган. Программанын 80ге жакын катышуучусу каражаттарды  белгиленген максаттарга – билим алууга, турак жай шарттарын жакшыртууга жана дарыланууга пайдаланган.

Пайдалуу
Ссылкалар