МСЭКтин эксперт-дарыгерлери майыптыкты аныктоонун жаңы эрежелери боюнча окуудан өтүштү
29-майда Бишкек шаарында медициналык-социалдык экспертиза тутумунун эксперт-дарыгерлери үчүн жарандардын социалдык коргоо чараларына жана мамлекеттик колдоолорго жетүүсүн камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ болгон — Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жаңы Жобону колдонуу боюнча эки күндүк тренинг аяктады.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана БУУӨП менен биргеликте уюштурулду. Тренингге Республикалык борбордун жана Бишкек шаарынан, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген аймактык МСЭКтин адистери катышты.
Программанын борборунда — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №185 токтому менен бекитилген Жобо болду. Катышуучулар медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүнүн алгоритмдерин, документтерди тариздөө маселелерин жана жаңы ченемдерди колдонуунун практикалык аспектилерин деталдуу карап чыгышты. Жарандардын укуктарын камсыздоо механизмдерине, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жерлердеги жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Окутуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышуучуларга сертификаттарды тапшырышты.
БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо жана «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасы майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо тутумун ырааттуу чыңдап, алардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө. БУУӨП мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик институттардын дараметин бекемдөө жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу аркылуу бул аракеттерди колдоону улантууда.
Тренинг БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү күчөтүү» биргелешкен долбоорунун алкагында өткөрүлдүкөрүлдү.

2026-05-30














