“Бала ырысы” жөлөкпулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлдан башталат

 

Бишкек, 2026-жылдын 1-июну — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаевдин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), «Түндүк» ААКунун өкүлдөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда маалымат жыйыны өттү.

Иш-чараны ачып жатып Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев программанын 2026-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилиши Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты колдоого багытталган ырааттуу мамлекеттик саясатынын натыйжасы экенин белгиледи. Жаңы демилге балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун эң ири чараларынын бири болуп, өлкөнүн адамдык капиталын чыңдоого, балдар арасындагы жакырчылыктын тобокелдиктерин азайтууга жана ар бир балага жашоосунун алгачкы күндөрүнөн тартып бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

«2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Президенти “Бала ырысы” универсалдуу жөлөкпулун киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул эрте курактагы балдарды тарбиялап жаткан ар бир үй-бүлөгө тиешелүү болгон тарыхый чечим. Мамлекет баланын жашоосундагы эң маанилүү мезгилде аны колдоо боюнча кошумча жоопкерчиликти өзүнө алууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейинки бала бул жөлөкпулду алууга укуктуу болот. Алар жаңы колдоо чарасынын негизги алуучулары болуп саналат. Программаны ишке ашырууга мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүүнү пландоодо. Анын ичинде программа 2026-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргенине байланыштуу ушул жылы болжол менен 3,1 миллиард сом талап кылынат.

“Бала ырысы” — бул жөн гана жөлөкпул эмес. Бул биздин балдарыбыздын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана бакубат жашоосуна, демек Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция. Биз ар бир бала үй-бүлөсүнүн социалдык абалына карабастан мамлекеттин колдоосуна ээ болгон системаны ырааттуу түрдө түзүп жатабыз», — деди министр.

Программаны ишке ашырууда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынат. Бул төлөмдөрдү алуу жол-жобосун кыйла жөнөкөйлөтүп, көп сандагы документтерди чогултуу зарылдыгын жоёт.

Ушуга байланыштуу жарандарга өз маалыматтарын өз убагында жаңыртып туруу сунушталат. Башкача айтканда, үй-бүлөгө тиешелүү бардык маалыматтарды санариптештирүү зарыл. Бул жөлөкпулдарды ыкчам дайындоону жана мамлекеттик колдоону натыйжалуу көрсөтүүнү камсыздайт.

Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа программанын ишке киргизилишин өлкөнүн социалдык коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап катары баалады.

«“Бала ырысы” программасы — Кыргызстандын келечегине жасалган инвестиция. Баланын жашоосунун алгачкы жылдарында үй-бүлөлөрдү колдоо балдардын ден соолугун жакшыртууга, алардын толук кандуу өнүгүүсүнө жана өлкөнүн адамдык потенциалын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул маанилүү кадамын жана балдардын кызыкчылыктарын мамлекеттик саясаттын борборуна коюу аракетин кубаттайбыз», — деди ал.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө «Түндүк»  мекемесинин өкүлдөрү мобилдик тиркеменин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Аталган тиркеме аркылуу ата-энелер жөлөкпул алуу үчүн электрондук форматта арыз тапшыра алышат, бул мамлекеттик кызматка жетүүнү кыйла жеңилдетет.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү баланын жашоосундагы алгачкы 1000 күндүн мааниси тууралуу айтып беришти. Кош бойлуулуктан тартып үч жашка чейинки мезгил балдардын физикалык, интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнүн эң маанилүү этабы болуп эсептелет. Дал ушул мезгилде адамдын өмүр бою ден соолугунун жана бакубат жашоосунун пайдубалы түптөлөт.

«Бала ырысы» программасынын ишке киргизилиши Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына толук шайкеш келет. Анда балдарга жана жаштарга инвестиция салуу туруктуу экономикалык өсүштүн, социалдык туруктуулуктун жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун негизги факторлорунун бири катары аныкталган.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар