Эмгек министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын жарандарынын Россияга кирүүсүнүн жаңы тартиби тууралуу маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга карата жаңы эрежелер күчүнө кирерин маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт: 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясында КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандары үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясынын аймагына кирүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  1. App Store же Google Play аркылуу «RuID» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
  2. Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү;
  3. Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү;
  4. Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;
  5. Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.

Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө чейин кеминде 4 саат мурда тапшырууга жол берилет.

Муну менен катар Россия Федерациясына кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациясынан өтүү талабы күчүндө калат. Ал жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.

Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулары үчүн Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү узартылганы белгиленет. Эгерде алар Россия Федерациясына кирүүнүн жана өлкө аймагында жүрүүнүн (же жашоонун) максаттары жөнүндө белгиленген тартипте арыз беришсе, алардын убактылуу жүрүү мөөнөтү бир календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына эмгектенүү, билим алуу же башка максаттар менен барууну пландаган жарандарга өлкөгө кирүүнүн жаңы талаптары менен алдын ала таанышып чыгууну жана мамлекеттик чек арадан өтүүдө мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн «RuID» мобилдик тиркемесинен каттоодон өтүүнү сунуштайт.

Кошумча маалыматтарды жана консультацияларды Эмгек министрлигинин 1899, (0312) 66 22 59 ишеним телефондору аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн +7 996 968 98 97, +7 925 030 26 27 телефондору аркылуу алууга болот.

 

Пайдалуу
Ссылкалар