“Бала ырысы” жөлөкпулун кантип алууга болот
«Бала ырысы» — Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлунан тарта ишке киргизиле турган жаңы мамлекеттик жөлөкпул. Анын өлчөмү айына 1 200 сомду түзөт, ал бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки бардык балдарга үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет.
Кимдер ала алат?
- 2023-жылдын 1-августунан кийин төрөлгөн балдар.
- Балага жеке идентификациялык номери (ПИН) берилип, ал алуучу (ата-энеси) менен чогуу жашаган учурда.
- Эгер эгиздер же андан көп төрөлсө, төлөм ар бир балага өз-өзүнчө төлөнөт.
- Маанилүү: Бул жөлөкпул башка социалдык төлөмдөр менен бирге берилиши мүмкүн, бирок «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» жөлөкпулу менен бирге чегерилбейт.
Талап кылынган документтер
Каттоо процессин жеңилдетүү үчүн талап кылынган негизги маалыматтар:
Каттоо процессин жеңилдетүү үчүн талап кылынган негизги маалыматтар:
- •Жеке идентификациялык номерин (ПИН) көрсөтүү менен, арыз берүүчүнүн (ата-эненин) паспорттун жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
- •Арыз берүүчүнүн жашаган/турган жери боюнча маалымат.
- •Жөлөкпулду которуу үчүн банк эсеби.
Кантип тапшырса болот?
“Бала ырысы” жөлөкпулуна арызды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө же жашаган/турган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына берүү каралат.
Маанилүү: Жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүчү «Түндүк» системасы аркылуу түзүлөт. Бул төлөмдөрдү алуу жол-жобосун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүп, көп сандагы документтерди чогултуу зарылдыгын жокко чыгарат.
Ушуга байланыштуу жарандарга өз маалыматтарын өз убагында актуалдаштыруу сунушталат. Тактап айтканда, үй-бүлөгө тиешелүү бардык маалыматтарды жана маалыматтык аспектилерди санариптештирүү зарыл. Бул жөлөкпулдарды ыкчам дайындоону камсыздап, мамлекеттик колдоону натыйжалуу көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.













