«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын май айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2026 – жылдын 1 – майынан 1 – июнуна чейин 6589 телефондон кайрылуу (бир суткада 212 чалуу) түшкөн.
491 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 198 же 40,3 % жаш балдар, ал эми 293 же 59,7% чоң кишилер), анын ичинен 340 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 117 абонентке психологиялык консультация берилген, 34 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
491 чалуунун ичинен: эркектерден – 72 (14,6%), аялдардан – 221 (45,0%), эркек балдардан – 51 (10,4%), кыздардан – 147 (30,0%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин, мугалимдердин өз ара мамилеси жөнүндө – 93 (балдар 76);
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 80 (балдар 2);
– психологиялык жабырлануу менен – 78 (балдар 44);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 61 (балдар 7);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 41 (балдар 21);
– билим берүү системасы жөнүндө – 27 (балдар 16);
– үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар – 25 (балдар 0);
– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 21 (балдар1);
– башка маселелер боюнча – 18 (балдар 11);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 12 (балдар 4);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 11 (балдар 3);
– суицид жөнүндө – 9 (балдар 6);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине арыздануу менен – 7 (балдар 2);
– социалдык тармактардагы шантаж жана коркутуулар жөнүндө – 5 (балдар 5);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 3 (балдар 0).
6098 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 95 (19,4%);
– Чүй облусунан – 46 (9,4%);
– Жалал-Абад облусунан – 37 (7,5%);
– Ош шаары – 27 (5,5%);
– Ысык- Көл облусунан – 15 (3,1%);
– Ош облусунан – 15 (3,1%);
– Баткен облусунан – 12 (2,4%);
– Талас облусунан – 8 (1,6%);
– Нарын облусунан – 6 (1,2%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 230 (46,8%).













