«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын 5 айындагы иши тууралуу маалымат

Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2026 – жылдын 5 айында (январь – февраль – март – апрель -май айларында) 28 417 телефондон кайрылуу (бир суткада 188, бир айда 5683 чалуу) түшкөн.

1933 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 743 же 38,6 % жаш балдар, ал эми 1187 же 61,4 % чоң кишилер), анын ичинен 1454 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 361 абонентке психологиялык консультация берилген, 118 кайрылуу райондук, шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция, ички иштер башкармалыктарына, ӨКМнин 112 кызматына кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1933 чалуунун ичинен: эркектерден – 278 (14,4 %), аялдардан – 909 (47,0%), эркек балдардан –219 (11,3%), кыздардан – 527 (27,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 447 (балдар 16);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилелери жөнүндө – 345 (балдар 287);

– психологиялык жабырлануу менен – 257 (балдар 159);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 248 (балдар 34);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 119 (балдар 73);

– билим берүү системасы жөнүндө – 112 (балдар 58);

– үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар – 108 (балдар 5);

– ар кандай мүнөздөгү чалуулар – 83 (балдар 50);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 53 (балдар 5);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 42 (балдар 10);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине арыздануу менен – 31 (балдар 3);

– суицид жөнүндө – 30 (балдар 23);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 28 (балдар 8);

– социалдык түйүндөрдө алдамчылык жана коркутуулар жөнүндө – 21 (балдар 15);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 9 (балдар 0).

26484 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 440 (22,8%);

– Чүй облусунан – 169 (8,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 137 (7,1%);

– Ош облусунан – 107 (5,5%);

– Ош шаарынан – 83 (4,3%);

– Ысык- Көл облусунан – 77 (4,0%);

– Баткен облусунан – 50 (2,6%);

– Нарын облусунан – 40 (2,1%);

– Талас облусунан – 24 (1,2%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 806 (41,7%).

2026 – жылдын 5 айында (январь-февраль-март-апрель-май айларында) түшкөн 1933 чалуу) чалуулардын саны 2025 – жылдын 5 айына (932 чалуу) салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар