Кыргыз делегациясы Женева шаарында өтүп жаткан Эл аралык эмгек конференциясынын 114-сессиясына катышууда
Кыргыз Республикасынын делегациясы, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков баштаган, 1-12-июнь күндөрү Женевада өтүп жаткан Эл аралык эмгек уюмунун Эл аралык эмгек конференциясынын 114-сессиясынын ишине катышууда. Бул сессияда Кыргыз Республикасынын эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган маселелер талкууланат.
Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы жана “ЖИА бизнес ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин башкармасынын төрагасы кирген делегация Европа жана Борбордук Азия боюнча Эл аралык эмгек уюмунун аймактык директору, мырза Питер Ван Рой, ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун Башкы директорунун Кабинетинин директору – Беате Андреес айым менен жолугушту.
Жолугушуу Эл аралык эмгек уюмунун ишинин негизги принциби болгон трипартизмдин алкагында өттү, ал социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулоодо жана чечимдерди иштеп чыгууда өкмөттөрдүн, иш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын уюмдарынын өкүлдөрүнүн тең укуктуу катышуусун камсыз кылат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Эл аралык эмгек уюмунун ортосундагы азыркы кызматташтыктын абалын жана келечегин, татыктуу эмгекти илгерилетүү, социалдык диалогду өнүктүрүү жана 155-конвенция (“Эмгекти коргоо жана коопсуздук, ошондой эле өндүрүштүк чөйрө жөнүндө конвенция”) жана 187-конвенция (“Эмгекти коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуунун негиздери жөнүндө конвенция”) ратификациялоо боюнча мындан аркы кызматташтыкты талкуулашты.















