Канат Сагынбаев БУУнун Глобалдык терроризмге каршы стратегиясынын алкагындагы Аймактык эксперттик кеңештин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Ысык-Көл облусунда өткөн кайтып келген жарандарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча Регионалдык эксперттик кеңештин үчүнчү жыйынына катышты.

Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык жана аймактык уюмдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы Кеңешке төрагалыгынын алкагында өткөрүлдү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы башкармалыгы жана Борбор Азия үчүн БУУнун Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбору менен биргеликте уюштурулду. Аталган түзүмдөр Кеңештин катчылыгынын функцияларын аткарышат. Ошондой эле иш-чараны ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана ЮНИСЕФ колдоду.

Иш-чаранын жүрүшүндө куралдуу жаңжалдар болгон аймактардан кайтып келген жарандарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери, ошондой эле бул багыттагы аймактык жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Катышуучулар гуманитардык мамиленин маанилүүлүгүн, адам укуктарын коргоону жана мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерин координациялоонун зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстан мекенине кайтарылган жарандарды кабыл алуу боюнча гуманитардык миссияларды ишке ашырууда жана алардын андан аркы социалдык адаптациясын камсыз кылууда топтолгон тажрыйбасын сунуштады.

Ошондой эле өлкөдө 2025–2030-жылдарга карата кайтып келген жарандарды реинтеграциялоо программасы ишке ашырылып жатканы белгиленди. Программа социалдык, экономикалык жана психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча чараларды камтыйт.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар тажрыйба алмашууну улантуунун, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун жана кайтып келген жарандарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пайдалуу
Ссылкалар