Эмгек министри Канат Сагынбаев: «Ийгиликтүү иш үчүн ар дайым идеялар жана демилгелер керек»
2026-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев «Биринчи радио» эфиринде «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында маек берди.
Бул долбоор мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кесиптик жана жеке потенциалын «Министр менен бир күн» форматында ачууга багытталып, жарандарга алардын ишмердүүлүгү, артыкчылыктары жана мамлекеттик милдеттерди чечүү ыкмалары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Маек учурунда министр мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу нормативдик документтерди аткарууга гана эмес, жетекчинин жаңы идеяларды жана демилгелерди сунуштай билүүсүнө да көз каранды экенин баса белгиледи. Ал Конституция, кодекстер, мыйзамдар, Президенттин жарлыктары жана Министрлер Кабинетинин токтомдору менен катар ар бир жетекчинин өзүнүн көз карашы, умтулуусу жана турмуштук тажрыйбасы бар экенин, алар конкреттүү идеяларда ишке ашарын белгиледи. Ийгиликтүү иш үчүн ар дайым жаңы чечимдерди издөө, жакшы идеялар жана аларды ишке ашырууга энергия зарыл. Бул ыкманын актуалдуулугу мамлекеттик башкарууну тез өзгөрүп жаткан шарттарга жана коомдун талаптарына ылайыкташтыруу зарылдыгы менен шартталган.
Министрликтин негизги багыттары тууралуу суроого жооп берип жатып, Канат Сагынбаев балдарды коргоо жана колдоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ал балдарга кам көрүүнү мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи деп атады. Бүгүнкү күндө мамлекет жашоонун алгачкы үч жылында балдарды колдоого багытталган «Бала ырысы» демилгесин ишке ашырууда. Бул мезгилде баланын физикалык, интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү эң жогорку ылдамдыкта жүрөт. Илимий изилдөөлөр эрте куракта сапаттуу тамактануу, камкордук жана туура багуу адамдын кийинки өнүгүүсүнө жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу таасир этерин тастыктайт. Бул маселенин актуалдуулугу адамдык капиталга жашоонун эң алгачкы күндөрүнөн тартып инвестиция салуу зарылдыгы менен байланыштуу.
Маек учурунда ошондой эле зомбулуктун бардык формаларын толук четке кагуу, эмгек миграциясы боюнча чаралар жана социалдык контракттын алкагында жарандарды ишке орноштуруу программасынын жыйынтыктары да талкууланды.

2026-06-08














