Канат Сагынбаев: «Азыркы заманда кесип тандоо гана эмес, өз көндүмдөрүңдү үзгүлтүксүз өнүктүрүү да маанилүү»

 

«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына барды. Бул иш сапар жаштардын кесиптик багытын аныктоо маселелерине арналды, өзгөчө көңүл кесиптик жана билим берүү жолун тандоонун маанилүү этабында турган тогузунчу класстын окуучуларына бурулду.

Жолугушуу учурунда министр окуучуларга эмгек рыногундагы заманбап тенденциялар жана кесиптик багыт берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ал Кыргызстанда кесиптик багыт берүү борборлору иштеп жатканын белгилеп, анда жаштарга эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен өзүнүн кесиптик кызыкчылыктарын аныктоого жардам берилерин айтты. Бул багыттын актуалдуулугу технологиялардын жана санариптешүүнүн таасири менен тез өзгөрүп жаткан шарттарга байланыштуу. Министр технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүшү жаштардан билим жана көндүмдөрүн тынымсыз өркүндөтүүнү талап кыларын баса белгиледи.

Айрыкча ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун шартында суроо-талап жогору болгон кесиптерге көңүл бурулду. Өлкөдө курулуштун өсүшү менен логисттерге, айдоочуларга жана автоэлектриктерге болгон муктаждык көбөйүүдө, ал эми гидроэнергетиканын өнүгүшү инженерлерди, гидроэнергетиктерди, диспетчерлерди жана электр монтажчыларды талап кылат. Бул маселелердин актуалдуулугу өлкөнүн экономикасынын реалдуу кадрдык муктаждыктары менен шартталган.

Мындан тышкары министр Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен быйыл апрель айынан тарта билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылганын белгиледи. Ошол эле учурда бул тармактарда, өзгөчө айыл жергесинде, квалификациялуу адистерге болгон муктаждык жогору бойдон калууда.

Жолугушуунун аягында Канат Сагынбаев окуучуларды өз жөндөмүнө жана кызыкчылыктарына ылайык кесип тандоого, билим алууга умтулууга жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды. Ачык диалогдун жүрүшүндө окуучулар министрге карьера, суроо-талап жогору кесиптер жана жеке өнүгүү тууралуу суроолорду бере алышты.

 

Пайдалуу
Ссылкалар