Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Кесиптик билим деңгээли:
Жогорку билим; гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педогогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Резервге кирүү үчүн тестке катышууга төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
–Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
-Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;
–Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү).
Документтерди электрондук түрдө “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат.
Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.
Документтерди сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде (10-июнунан 23-июнуна чейин) Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшыруу керек.
Дарек: Түп району, Түп айылы, М. Элебаев көчөсү №64 , Телефондор (03922) 2-45-53
Сурап билүү үчүн байланыш номер: 0502683298
08.06.2026














