Бийик тоолуу аймактарда жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарда жашаган жарандар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө токтомдор кабыл алынды.
2026-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети №398 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө» жана №399 «Кыргыз Республикасынын алыскы барууга кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонууну жөнгө салуу жөнүндө» токтомдорду кабыл алынды.
Аталган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жана социалдык кепилдиктерди берүү механизмин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Токтомдор Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын калктуу конуштарында жашаган жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандар үчүн райондук коэффициенттерди, эмгек акыга пайыздык үстөктөрдү, ошондой эле башка кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу тартибин аныктайт.
Ушул токтомдордун кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, №398 жана №399 токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул токтомдор толугу менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтында эмгек маселесин жөнгө салган укуктук ченемдик актылар бөлүмүндө жайгаштырылды.
https://drive.google.com/file/d/1apHJMqxRDFno4R-yurhPh9I8cTb_WvuK/view
https://drive.google.com/file/d/1tTldpItXwTiO8kLnBa6EeA1xfBcA-I4e/view














