Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Ош шаарына 121 тонна өсүмдүк майы жеткирилди
Бүгүн 121 тонна суу май Орусия Федерациясынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Ош шаарындагы кампасына жеткирилди. Буга чейин (май айында) 675 тонна байытылган ун дагы Ош шаарында жеткирилген. Бул салым өлкөнүн түштүк аймактарындагы жамааттарга коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу, ошондой эле майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүү долбоорлору аркылуу жардам берет.
БУУ ДАТП улуттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ) акы төлөнүүчү коомдук иштер жана майыптыгы бар кишилердин тамактануусун жакшыртуу программаларына колдоо көрсөтөт. Долбоорлор ирригациялык тармактарды жана таза суу тутумдарын калыбына келтирүүнү; табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу үчүн бак отургузууну жана дарыялардын жээктерин бекемдөөнү; жашоо каражаттарын жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо боюнча окутууларды, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк жардам берүүнү камтыйт.















