Эмгек орунунда ыдык көрсөтүү учурларында Эмгек инспекциясына кайрылуу керек

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек чөйрөсүндө зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө.

Долбоор Эл аралык эмгек уюмунун №190 Конвенциясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп, коопсуз жана татыктуу эмгек чөйрөсүн түзүүгө, ошондой эле жарандардын эмгек укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.

Министрликтин буйругуна ылайык, пилоттук долбоор 2026-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин өткөрүлөт. Долбоорду ишке ашыруу мезгилине жумуш орундарындагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурларын алдын алуу, аныктоо жана кароо тартибин аныктаган убактылуу нускама бекитилген.

Долбоордун алкагында мамлекеттик эмгек инспекторлору үчүн окутуу иш-чаралары өткөрүлүп, ошондой эле мындай учурларга чара көрүүнүн практикалык механизмдери сыноодон өткөрүлдү.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча анын натыйжалуулугуна баа берилип, тиешелүү механизмдерди улуттук деңгээлде мындан ары киргизүү боюнча сунуштар даярдалат.

Эгерде сиз жумуш ордунда зомбулукка же ыдык көрсөтүүгө туш болсоңуз, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына төмөнкү телефон аркылуу кайрылыңыз: (0312) 39-16-35.

Пайдалуу
Ссылкалар