Жарандарды кабыл алуу

2026-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жарандарды кабыл алды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө калкты социалдык жактан коргоо, жеке ассистент дайындоо, майыптуулук тобун өзгөртүү, улгайган жаранды карылар үйүнө жайгаштыруу, социалдык контрактты ишке ашыруу, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, ошондой эле балдарга төлөнүүчү ай сайынкы жөлөкпулдун токтотулушу боюнча кайрылуулар каралды.
Ар бир кайрылуу боюнча жарандарга колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Пайдалуу
Ссылкалар