Россиядагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны Х.А.нын багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу төлөмдөрдү алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылууларды жөнөткөн.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2026-жылдын 10-июнунда жаранга 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилди.

Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына алар бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.

Пайдалуу
Ссылкалар