Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жаңы жөлөкпулу кандай тартипте төлөнөрүн түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу тартибин түшүндүрдү.

Жөлөкпулдун өлчөмү ар бир бала үчүн ай сайын 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган жарандар үчүн жөлөкпул белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жөлөкпул алуу укугу үй-бүлөнүн киреше деңгээлине карабастан ата-энелерге, асырап алуучуларга жана камкорчуларга берилет. Эгерде бир учурда эки же андан көп бала төрөлсө, төлөм ар бир балага өзүнчө дайындалат.

Арызды 2026-жылдын 1-июлунан тартып электрондук форматта «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу «Социалдык төлөмдөр» бөлүмүндөгү «Бала ырысы» кызматы аркылуу берүүгө болот. Ошондой эле арыздарды социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө факты жүзүндө жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Арыз берүү үчүн санарип форматында төмөнкү документтер талап кылынат:

  • арыз ээсинин паспорту;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн);
  • факты жүзүндө жашаган же убактылуу жүргөн жери тууралуу маалымат.
  • Жөлөкпулду которуу үчүн банк эсеби.

Электрондук форматта арыз берилген учурда керектүү маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу автоматтык түрдө суралат.

Жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим арыз катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Ал эми арыз «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилсе, төлөмдү дайындоо автоматтык түрдө бир жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жөлөкпул алуучунун банктык эсебине которулуп, бала үч жашка толгонго чейин ай сайын төлөнөт.

Эмгек министрлиги белгилегендей, жаңы төлөм кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана өлкөдөгү балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Пайдалуу
Ссылкалар