Эмгек министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү

2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясын жана 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү.

Министрликтин кызматкерлери үчүн семинарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негизги жоболору, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана жөнгө салуу маселелери, мамлекеттик кызматкерлер үчүн белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо талаптары, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук жана ак ниеттүүлүк принциптерин камсыз кылуу, кызматтык милдеттерди аткарууда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Лекциянын катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алышышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коррупциянын алдын алуу, мамлекеттик кызматкерлердин укуктук маданиятын жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу системасында мыйзамдуулук менен ак ниеттүүлүк принциптерин бекемдөө боюнча иштерди мындан ары да улантат.

Пайдалуу
Ссылкалар