Эмгек министрлигинде Кыргызстан менен Франциянын өкүлдөрүнүн эмгек миграциясы маселелери боюнча жолугушуусу өттү

2026-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков менен Франция Республикасынын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанининин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана эки тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууну түзүү перспективаларын талкуулоого бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырастап, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пайдалуу
Ссылкалар