Жаңы муун – 2050»: Балдарга салынган инвестиция — өнүккөн келечекке жол
2026-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында өлкөнүн демографиялык өнүгүү келечегине жана туруктуу өнүгүүнүн негизги ресурсу катары адам капиталын калыптандыруу маселелерине арналган «Кыргыз Республикасындагы 2050-муун» изилдөөсүнүн презентациясы өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ЮНИСЕФ тарабынан биргелешип уюштурулду.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, академиялык чөйрөнүн, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны ачып жатып Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Ж.Б. Рысбекова, өлкөнүн келечеги бүгүнкү күндө балдарга жана жаштарга салынган инвестициялардын сапатына түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи.
«Кыргыз Республикасы олуттуу демографиялык потенциалга ээ. Өлкө калкынын жарымынан көбү 30 жашка чейинкилер, ал эми жакынкы жыйырма жыл ичинде дал ушул муун эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң ири эмгекке жарамдуу топко айланат. Биздин милдет – бул потенциал экономикалык өсүштүн жана коомдук жыргалчылыктын кыймылдаткыч күчүнө айланышы үчүн шарттарды түзүү», – деп белгиленди.
Эмгек министринин биринчи орун басары К. Досматов министрлик тарабынан Кыргыз Республикасында жакырчылыкты кыскартууга багытталган, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун жогорулатуу жана адам капиталын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү көздөгөн ченемдик-укуктук документ иштелип жатканын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө адам капиталына инвестиция салуу жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу маселелерине арналган панелдик талкуу болуп өттү.
Панелдик сессияда сөз сүйлөгөн Эмгек министринин орун басары М. Байгончоков балдарга жасалган инвестициялар өлкөнүн келечегине кошулган эң натыйжалуу салым экенин баса белгиледи. Ал баланын жашоосундагы алгачкы жылдар өзгөчө мааниге ээ экенин, анткени дал ушул мезгилде ден соолуктун, өнүгүүнүн жана адамдын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнүн пайдубалы түптөлөрүн айтты. Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоону күчөтүү боюнча чаралар көрүлүп, анын ичинде үч жашка чейинки балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө жөлөкпулдарды берүү механизмдери өркүндөтүлүүдө.
Презентациянын жүрүшүндө ЮНИСЕФтин колдоосу менен даярдалган «2050-муун» изилдөөсүнүн негизги жыйынтыктары сунушталды. Баяндамада демографиялык тенденциялар, адам капиталынын абалы жана өлкөнүн XXI кылымдын ортосуна чейинки өнүгүүсүнүн мүмкүн болгон сценарийлери талданган. Өзгөчө көңүл билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, балдардын укуктарын коргоо, коопсуз суу жана санитарияга жеткиликтүүлүк, ошондой эле жаштардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине бурулган.
Иш-чаранын алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү жана изилдөөнүн жыйынтыктарын тармактык программаларды, орто мөөнөттүү пландарды жана узак мөөнөттүү стратегиялык документтерди иштеп чыгууда пайдалануу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ресурстарды балдардын, жаштардын жана үй-бүлөлөрдүн өнүгүүсүнө эң чоң салым кошо турган багыттарга топтоо зарылдыгына басым жасалды.
Презентация баяндаманын негизги сунуштарын талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи катары адам капиталын чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу пикир алмашуу менен жыйынтыкталды.















