Өлкө боюнча «Бала ырысы» жаңы жөлөкпулу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын бардык райондорунда жана айылдык калктуу конуштарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан үч жашка чейинки балдарга арналган «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо жана алуу маселелери боюнча калк арасында активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аймактык башкармалыктардын адистери жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштуруп, кеп- кеңештерди өткөрүүдө жана жөлөкпулду дайындоо тартибин, зарыл болгон документтердин тизмесин, ошондой эле аны алуунун шарттарын түшүндүрүп беришүүдө.
«Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан бекитилген арыздарды кабыл алуу жана жарандарды кабыл алуу графигине ылайык башталат.
Так маалымат алуу жана жөлөкпулду өз убагында тариздөө максатында министрлик жарандарга жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө кайрылууну сунуштайт. Ал жерде адистер зарыл болгон консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт.














