Бишкекте ШКУнун Аялдар форумунун биринчи күнү жыйынтыкталды: катышуучулар лидерликти, экономиканы жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты

Бишкекте «Аялдардын лидерлиги» темасында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аялдар форуму – 2026нын биринчи иш күнү жыйынтыкталды.

Эл аралык аянтчага Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Ирандын, Пакистандын, Беларустун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун биринчи күнүндө катышуучулар аялдардын саясий жана коомдук чечимдерди кабыл алуудагы ролун, мамлекеттик процесстерге катышуусун, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнү жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө кошкон салымын талкуулашты.

Форумду ачып жатып, Кыргызстандын өкүлдөрү аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жана алардын коомдук, экономикалык жана башкаруу тармактарына жигердүү катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

«Аялдардын лидерлиги: саясий жана коомдук чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролу» аттуу панелдик сессиянын жүрүшүндө катышуучулар гендердик теңчилик, аял-лидерлерди колдоо жана аялдардын эл аралык кызматташтыкка катышуусу боюнча өз өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Экономикалык багытка өзгөчө көңүл бурулду. Ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү аялдардын ишкердигин колдоо чаралары, каржылоого жеткиликтүүлүк, бизнести санариптештирүү жана заманбап тармактардагы аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Талкууларга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, аял-ишкерлер жана коомдук бирикмелердин лидерлери катышты.

Форум Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө жана 27-июнда маданий программа жана башка иш-чаралар менен уланат.

Пайдалуу
Ссылкалар