Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги — МСЭК кызматкерлерине карата жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттери тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын төрагасы менен дарыгер-экспертинин кармалышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды толук колдой турганын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегиясын» аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу токтомун жана Министрликтин тиешелүү буйругун ишке ашыруунун алкагында Министрлик коррупцияга карата нөлдүк чыдамкайлык саясатын ырааттуу жана элдешкис негизде жүргүзүп келет.
Жарандардан майыптыкты белгилөө же анын мөөнөтүн узартуу үчүн акча талап кылуу же алуу фактылары мыйзамдардын, жарандардын укуктарынын жана кесиптик этиканын одоно бузулушу болуп саналат. Мындай мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берилбейт жана аларга карата мыйзамда каралган эң катаал чаралар көрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тергөөнүн ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүшү үчүн укук коргоо органдарына толук көмөк көрсөтүүдө. Эгерде күнөөсү далилденсе, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Министрлик медициналык-социалдык экспертиза системасынын ак ниеттүү, ачык-айкын жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн гана иштешин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурат. Бул багытта коррупциянын алдын алуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана медициналык-социалдык экспертизанын сапатын жогорулатуу боюнча системалуу иштер улантылууда.
Министрлик жарандарды медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын кызматкерлери тарабынан акча талап кылуу же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына туш болгон учурда укук коргоо органдарына же түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырат. Ар бир кайрылуу кылдат жана ар тараптуу каралат.













