ШКУ форумунда Беларусь өкүлү: аялдарды колдоо экономика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аялдар форумунда аялдардын экономикалык өнүгүүдөгү ролу жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелери талкууланды.
Беларусь Республикасынын өкүлү, «МИР» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын директору Ольга Шпилевская заманбап экономиканын өнүгүшү аялдардын активдүү катышуусусуз мүмкүн эместигин белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө аялдар экономикалык системанын маанилүү бөлүгү болуп саналат: алар ар түрдүү тармактарда эмгектенип, ишкерликти өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп жана бизнеске жаңы ыкмаларды киргизүүдө.
«Аял экономикалык процесстердин жөн гана катышуучусу эмес, алардын активдүү демилгечиси дагы болуп саналат. Ал чакан жана орто бизнести түзөт, үй-бүлөлүк ишкерликти өнүктүрөт, социалдык долбоорлорду ишке ашырат жана жаңы жумуш орундарын т,үзөт», — деп баса белгиледи Шпилевская.
Ал Беларусьте, өзгөчө аймактарда, аялдардын ишкерлигин колдоого өзгөчө көңүл буруларын айтты. Өлкөдө аялдардын финансылык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, стартаптарды жана социалдык демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган программалар ишке ашырылууда.
Беларусь өкүлүнүн айтымында, аялдардын каржылоого, билим берүү программаларына жана заманбап санариптик инструменттерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маанилүү багыт бойдон калууда.
Шпилевская ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун маанисин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү, тажрыйба алмашууну жана ишкер аялдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн жаңы аянтчаларды түзүүнү сунуштады.
«Билим берүү, каржылоого жеткиликтүүлүк жана санариптик өнүгүү аркылуу аялдардын ишкерлигин колдоо мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгүнө айланууда», — деди ал.














