Тажикстандын аялдары мамлекеттик кызматтардын болжол менен 25%ын түзөт — Файзиддинзода ШКУ форумунда
Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аялдар форумунда аймак өлкөлөрүндөгү аялдардын саясий жана коомдук турмушка катышуусу талкууланды.
Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Бунафша Файзиддинзода аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө жана чечим кабыл алуудагы ролун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Тажикстан аялдарды колдоо боюнча комплекстүү саясат жүргүзүп келет. Бул саясат мыйзамдарды өркүндөтүүнү, мамлекеттик программаларды ишке ашырууну жана аялдарды жетекчилик кызматтарга даярдоо боюнча демилгелерди камтыйт.
Негизги багыттардын бири катары 2023–2030-жылдарга арналган таланттуу аялдар менен кыздардын арасынан жетекчи кадрларды тарбиялоо, тандоо жана кызматтарга жайгаштыруу боюнча мамлекеттик программа белгиленди.
Файзиддинзоданын маалыматына ылайык, учурда өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлердин болжол менен 25 пайызын аялдар түзөт. Ал эми жетекчилик кызматтардагы аялдардын үлүшү 19 пайызга жакын.
Ошондой эле парламенттеги аялдардын өкүлчүлүгү өсүүдө. Мажлиси милли Мажлиси Олинин курамындагы аялдардын саны 2020-жылдагы 8 адамдан 2025-жылы 10 адамга чейин көбөйгөн. Ал эми Мажлиси намояндагондо аял депутаттардын саны 17ден 18ге жеткен.
Ал аялдар мыйзам чыгаруу тармагында гана эмес, сот тутумунда жана дипломатиялык кызматта да активдүү иш алып барып жатканын белгиледи. Тажикстандагы 385 судьянын 97си аялдар болсо, Тышкы иштер министрлигинин системасында 10 аял жетекчилик кызматтарды ээлейт.
Файзиддинзода ошондой эле жыл сайын өткөрүлүүчү «Аялдардын арасындагы мыкты мамлекеттик кызматкер» сынагы тууралуу айтып берип, анын максаты аялдардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана жаңы лидерлерди даярдоо экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда ал аялдардын мамлекеттик башкарууга кеңири катышуусу туруктуулукту чыңдоого, коомдун өнүгүшүнө жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.














