Эмгек министрлиги: чет өлкөлүк жарандар 1-июлдан 31-июлга чейин Кыргызстандан айып пул төлөбөстөн өз ыктыяры менен чыгып кете алышат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандардын өз ыктыяры менен чыгып кетүүсүнүн убактылуу тартиби тууралуу маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет: 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөнүн аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат. Бул учурда аларга карата айрым административдик жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.
Бул чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы №233 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдардын өз ыктыяры менен чыгып кетүүсү жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык ишке ашырылууда.
Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз ыктыяры менен кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:
- миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликтен бошотулушу;
- мамлекеттик алым төлөбөстөн чыгуу визасын тариздей алышы;
- белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып кетиши мүмкүн.
Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечим алуу зарыл. Андан соң керектүү документтерди тиркөө менен e-Visa порталы аркылуу чыгуу визасын тариздөө керек.
Бул мүмкүнчүлүктү төмөнкү адамдар пайдалана алышат:
- болуу мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
- визасынын же башка уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн тастыктоочу документтери жок адамдар.
Ошол эле учурда убактылуу тартип төмөнкү адамдарга жайылтылбайт:
- аларга карата кылмыш иши козголгон болсо;
- мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери бар болсо;
- төлөнбөгөн айып пулдары же салыктык карыздары болсо;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка категориядагы адамдарга.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги белгилейт: берилген мүмкүнчүлүк Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүнү мыйзамдаштырууну карабайт. Ал чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга айрым административдик жоопкерчилик чараларын колдонбостон жана чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөм албай, өз ыктыяры менен чыгып кетүүсү үчүн шарт түзүүгө гана багытталган.
Убактылуу тартиптин мөөнөтү аяктагандан кийин бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбаган жана миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жүрүүнү уланткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.
Убактылуу тартиптин алкагында Кыргыз Республикасынан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө байланышкан бардык маселелер боюнча төмөнкү даректерге кайрылууга болот:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
- ишеним телефону: (0312) 66-39-64;
- дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
- ишеним телефону: (0312) 66-30-70;
- дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10.














