Эмгек министрлиги кыргызстандыктарды коррупция фактылары тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды өздөрүнө белгилүү болгон бардык коррупциялык фактылар тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырды.
Министрлик коррупцияга каршы күрөшүү багытында укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууну улантарын, ошондой эле санариптик чечимдерди ырааттуу киргизип, ички көзөмөлдү күчөтүүнү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүүнү улантарын белгиледи.
Ошондой эле министрлик жарандардын активдүү жарандык позициясы коррупцияга каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.
2026-07-02














