Эмгек министрлиги МСЭК кызматкерлерине коррупция үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертти

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) жетекчилерине коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так сактоо боюнча кайрылуу жасады.

Министрлик мамлекет кызматкерлердин иштөөсү үчүн татыктуу шарттарды түзүп жатканын, анын ичинде эмгек акынын өлчөмү кыйла жогорулатылганын белгиледи. Ошол эле учурда кызматкерлердин жоопкерчилигине коюлган талаптар да күчөтүлүп жатканын баса белгиледи.

«Мыйзамсыз аракеттерге катышуу сөзсүз түрдө өзүңүз үчүн гана эмес, жакындарыңыз үчүн да терс кесепеттерге алып келет», — деп эскертти министрлик.

Пайдалуу
Ссылкалар