Кыргызстандын бардык МСЭКтерине видеобайкоо тутумдары орнотулду

Кыргызстандын бардык аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларында (МСЭК) коррупциянын алдын алуу максатында видеобайкоо тутумдары орнотулду.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, кызматкерлер менен туруктуу негизде видеоконференциялар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, кызматтык этиканын ченемдери жана ички көзөмөлдүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге министрликте белгилешкендей, көрүлүп жаткан чараларга карабастан, МСЭК системасында коррупциялык айрым көрүнүштөр дагы эле кездешүүдө.

Комиссиялардын ишинин ачык-айкындуулугун күчөтүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Пайдалуу
Ссылкалар