Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен Германиянын өкүлдөрү иш менен камсыз кылуу жана уюшкан эмгекке орноштуруу маселелерин талкуулашты
2026-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов Германия Федеративдүү Республикасынын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин статс-катчысы Йохен Шульте мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы эл аралык жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Эмгек миграциясын жөнгө салуу, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана уюшкан түрдө чет өлкөлөргө ишке орноштуруу механизмдерин өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык-эмгек тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.














