Эмгек министрлиги менен Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги иш менен камсыз кылуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдун Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) жана Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилигинин жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун ишке ашырылышынын учурдагы жыйынтыктарын, ошондой эле көндүмдөрдү өнүктүрүү, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу системасын өркүндөтүү жаатындагы мындан аркы кызматташтыктын келечектеги багыттарын талкуулашты.

Жолугушууну ачып жатып, Камчыбек Досматов Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигине, Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилигине жана “Чебер” долбоорунун жалпы жамаатына адамдык капиталды өнүктүрүү, иш менен камсыз кылуу жана кесиптик билим берүү тармагындагы реформаларды ырааттуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү күндө көндүмдөрдү өнүктүрүү – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуучу негизги факторлордун бири болуп саналат. Ыкчам өзгөрүп жаткан эмгек рыногу экономиканын жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп берген кадрларды даярдоодо заманбап жана ийкемдүү ыкмаларды талап кылат”, – деп белгиледи министрдин биринчи орун басары.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишке ашырылып жаткан практикалык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду. Учурда өлкөнүн аймактарында “Көндүмдөр кербени” иш-чаралары улантылып, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарынын формалдуу эмес билим берүү уюмдары менен өз ара кызматташуусу өнүгүүдө. Ошондой эле санариптик иш менен камсыз кылуунун жаңы формалары жана санариптик кесиптер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, калкты кесиптик багыттоо жана карьералык коштоо системасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар ишке ашырылууда.

Тараптар ошондой эле кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде кесиптик окутууну ваучердик каржылоо системасын пилоттук негизде киргизүүнү, жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү окутуу программаларын кеңейтүүнү, жаштардын стажировкаларын өнүктүрүүнү жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү мындан ары өркүндөтүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар адамдык капиталды өнүктүрүүгө, жумушчу күчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн татыктуу иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Пайдалуу
Ссылкалар