Балаңыз чет өлкөдө төрөлгөнбү? «Бала ырысы» жөлөкпулун кантип алуу керектигин түшүндүрөбүз
Эгерде балаңыз Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары төрөлүп, «Түндүк» тиркемеси аркылуу «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыз бергенде ката чыгып жатса, анда балаңызга жеке идентификациялык номер (ЖИН) бериле элек же ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылбаган болушу мүмкүн.
Эмне кылуу керек?
- Жакынкы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылыңыз.
- Өзүңүз менен төмөнкү документтерди алып барыңыз:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы;
- ата-энесинин биринин паспорту;
- эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүк чет тилде болсо — анын кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.
- Калкты тейлөө борборунда балага ЖИН ыйгарылып, ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылат.
- Андан кийин Эмгек министрлигинин адистери маалыматтарды системага киргизишет жана сиз «Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөөнү уланта аласыз.
Маанилүү!
Эгер балаңыздын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок болсо, анда Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги тууралуу маалымкат алуу керек. Аны да Калкты тейлөө борборунан алууга болот.
Маалымкат 14 жумуш күнүнө чейин даярдалат. Ошондуктан аны алдын ала алуу сунушталат.
✅ Кеңеш: Эгер балаңыз чет өлкөдө төрөлгөн болсо, алдын ала анын ЖИНи бар же жок экенин текшерип коюңуз. Бул «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоодо мүмкүн болгон кечигүүлөрдүн алдын алат.














