Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыз берүүдө баш тартуунун негизги себептерин түшүндүрдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бирдиктүү социалдык камсыздоо системасын (БСҚС) киргизүүнүн алкагында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү улантууда.
Жарандар ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун дайындоо үчүн арызды Министрликтин аймактык башкармалыктары аркылуу же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу толугу менен онлайн форматта бере алышат.
Бирдиктүү социалдык камсыздоо системасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн 53 047 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 48 907 арыз мамлекеттик ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн кароого кабыл алынган.
«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу 40 254 арыз берилип, кабыл алынган. Ал эми кагаз түрүндө Министрликтин аймактык башкармалыктары аркылуу 8 653 арыз кабыл алынган.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери «Түндүк» ААКсынын адистери менен биргеликте жарандарга мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүүдө зарыл болгон консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүп жатышат.
Ошол эле учурда система тарабынан 4 140 арызды кабыл алуудан баш тартуу фактысы катталган. Көпчүлүк учурларда бул мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы маалыматтардын дал келбегендигине байланыштуу.
Арыздарды кабыл алуудан баш тартуунун негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналат: баланын жана арыз ээсинин иш жүзүндөгү жашаган дарегинин дал келбеши; балага карата «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу боюнча буга чейин эле жарактуу арыз катталган болушу; арыз ээсинин паспорту жараксыз болушу; баланын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары төрөлүшү; жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында (ЖААК) бала тууралуу маалыматтын жоктугу; жөлөкпулду камкорчу тариздеген учурда анын ыйгарым укуктарын тастыктоочу зарыл документтердин берилбеши; ошондой эле баланын жаш курагы мыйзамда белгиленген үч жаштан ашып кетиши.
Мындай учурлардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды өздөрүнүн жеке маалыматтарын «Санарип Аймак» системасында өз убагында жаңыртып жана санариптештирүүгө чакырат.
Бул үчүн жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылуу зарыл.
Министрлик мамлекеттик маалыматтык системалардагы актуалдуу жана так маалыматтар арыздарды кароо мөөнөтүн кыйла кыскартууга жана «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун өз убагында дайындоону камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгилейт.














