Эмгек министрлиги менен Дүйнөлүк банк социалдык чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн, пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууну тездетүү маселелерин, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттарын талкуулашты.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты социалдык жактан коргоо механизмдерин өнүктүрүүгө, иш менен камсыз кылуу саясатын өркүндөтүүгө жана эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пайдалуу
Ссылкалар