Эмгек министрлигинде Эл аралык эмгек уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов менен Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Эмгекчилердин ишмердүүлүгү боюнча бюросунун (ACTRAV) Европа жана Борбор Азия секторунун башчысы Сергиус Гловацкас менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Эл аралык эмгек уюмунун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын, трипартизм принцибинин алкагында үч тараптуу социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле биригүү эркиндигине байланышкан маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулашты.

Пайдалуу
Ссылкалар