Эмгек министрлигинин өкүлдөрү ЭЭУнун №190 Конвенциясын ишке ашыруу жана кесиптик бирликтердин потенциалын чыңдоо боюнча семинарга катышты

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү «Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү» аттуу эки күндүк семинарга катышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар ЭЭУнун №190 Конвенциясын ишке ашыруунун механизмдерин, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин, коопсуз жана зомбулуктан эркин эмгек чөйрөсүн түзүүдөгү кесиптик бирликтердин ролун талкуулап, ошондой эле эл аралык жана улуттук тажрыйба менен алмашышты.
Бүгүнкү күндө Министрлик тарабынан ЭЭУнун «Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө» №190 Конвенциясынын ченемдерин улуттук мыйзамдарга имплементациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пайдалуу
Ссылкалар