Эмгек министри социалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөнбөй жаткан маселеси боюнча жарандарды кабыл алды
Бүгүн, 10-июлда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л.Сагынбаев жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө «Шанс» кризистик борборунун өкүлдөрү Министрликтин мамлекеттик социалдык заказдын алкагында зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча долбоорунда иштеген социалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөнбөй жаткандыгы тууралуу кайрылышты.
Кайрылууну кароонун жыйынтыгында министр кырдаалды текшерүү, ар тараптуу иликтөө жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө инспекциясын жөнөтүүнү тапшырды.















