Эмгек министрлиги МСЭК системасына квалификациялуу адистерди ишке чакырат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги квалификациялуу медицина кызматкерлерин аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) дарыгер-эксперттеринин бош кызмат орундарына тандоого катышууга чакырат.
Учурда МСЭК системасында бош кызмат орундары бар жана Министрлик белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген адистердин талапкерлигин кароого даяр.
Дарыгер-эксперт кызматына терапия, хирургия, неврология же кардиология адистиктеринин бири боюнча жогорку медициналык билими бар адистер чакырылат.
Сынактын шарттары жана талапкерлерге коюлган талаптар тууралуу кеңири маалымат менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтынан таанышууга болот:
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312 39 16 63 /+996 559 290 000














