2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дээрлик 12 миң аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алышты

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасында 11 931 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү. Бул максатка республикалык бюджеттен 270,3 млн сом каражат бөлүндү.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул түрдөгү жөлөкпулду 13 843 аял алган. Аларды каржылоого республикалык бюджеттен 298,9 млн сом жумшалган.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны алууга укугу бар бардык аялдарга толук көлөмдө төлөнөт.

Пайдалуу
Ссылкалар