Кыргызстан менен Россия мыйзамдуу эмгек миграциясы жана адистерди кесиптик даярдоо чөйрөсүндөгү стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо

 

15-июлда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын өкүлдөрү өз ара жолугушту. Талкуунун алкагында эмгек миграциясын жөнгө салуу, арыбагандарга кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов эки мамлекетти бекем достук мамилелер жана терең, убакыт сыноосунан өткөн стратегиялык өнөктөштүк байланыштырып турарын белгиледи.

Кыргызстан тараптан жолугушууга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев, ошондой эле иш менен камсыз кылуу, миграциялык саясат жана эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Алдыңкы эксперттерден жана тармактын лидерлеринен куралган россиялык делегацияны Николай Курдюмов жетектеп келди. Эки тараптан тең мындай күчтүү курамдын катышуусу бүгүнкү жолугушууда терең, кесипкөй жана конструктивдүү диалог жүргүзүүгө шарт түздү.

«Биздин Министрлик үчүн негизги артыкчылыктуу багыт -жарандарыбыздын коопсуздугу жана бакубаттуулугу болуп саналат. Биз Россия Федерациясына жумушка жөнөп жаткан кыргызстандыктардын укуктук жактан корголушуна, кесипкөй адис катары суроо-талапка ээ болушуна өзгөчө көңүл бурабыз», — деп белгиледи өз сөзүндө К. Досматов.

Тараптар жумушка орноштуруунун бекем, ачык-айкын жана толугу менен мыйзамдуу каналдарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Бул процесске ар кандай көмүскө схемаларды жана мамилеси түз эмес ортомчуларды катыштырбоо, ошондой эле Россиянын ишенимдүү иш берүүчүлөрү менен Кыргызстандын квалификациялуу адистеринин ортосунда түз, натыйжалуу байланышты орнотуу биргелешкен иштин башкы милдети катары аныкталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө туруктуу ишкердик байланыштарды түзүүдө жарандык коом институттарынын, Соода-өнөр жай палаталарынын, квалификацияны баалоо борборлорунун жана заманбап билим берүү платформаларынын ролу чоң экендиги белгиленди. Мындай байланыштар бир тараптан Россиянын экономикасын зарыл болгон кадрлар менен камсыз кылса, экинчи тараптан Кыргызстандын жарандарына татыктуу акы төлөнүүчү жана коопсуз эмгек шарттарын кепилдейт.

Россиялык делегациянын сапарынын практикалык бөлүгү Министрликке караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору уланды. Бул борбор биздин жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча башкы оператор болуп саналат. Борбордун практикалык аянтчасында тараптар өз ара аракеттенүүнүн түз жана текшерилген каналдарын түзүү боюнча конкреттүү кадамдарды деталдуу түрдө талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн экономикасына жана элдерине реалдуу пайда алып келе турган конкреттүү, практикада ишке ашуучу макулдашууларды иштеп чыгуу менен аяктарына ишеним билдиришти.

            

Пайдалуу
Ссылкалар